Чүй облусунда биометрикалык маалыматтарды топтоочу 10 пункт ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда КРнын Каттоо кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган түйүндөр бул облустун Мраморное, Лебединовка, Ленинское, Кара-Жыгач, Таш-Дөбө, Сокулук, Военно-Антоновка, Новопавловка айылдарында, Шопоков шаарында жана Крупская атындагы айыл аймагында айылдарында жайгашкан.
20-октябрдан 5-ноябрга чейин 22 408 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырышкан. Орто эсеп менен күнүгө борбор калаада каттоодон дээрлик 2 миң адам өтүүдө.