Ысык-Көлдө эртең, 7-ноябрда облустун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдык мааракесине карата 3 мектептин салтанаттуу ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эртең Түп районуна караштуу Ой-Тал айылында 350 орундуу, Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында 320 жана Барскоон айылында 360 орундуу мектеп колдонууга берилмекчи.