Муфтий Максатбек ажы Токтомушев иш сапары менен Баткен шаарында жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, муфтий өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Раззаков менен жолугушмакчы. Жолугушуунун алкагында учурдагы диний кырдаал, дин жаатында болуп жаткан жетишкендиктер жана көйгөйлөр талкууланмакчы.
Ошондой эле муфтийдин облустук бийлик, дин кызматкерлери, имамдар менен да жолугушууларды өткөрүп, өлкө аймагындагы жалпы диний кырдаал тууралуу, Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы тууралуу баарлашуусу пландалууда.