Жогорку Сот Камчыбек Ташиевди УКМКнын камагында калтырды
6-ноябрдагы Жогорку Соттун чечими менен Камчыбек Ташиевдин ишинин тергөө амалдары аягына чыккыча өз күчүндө калтырылды. Эске салсак, депутат Камчыбек Ташиев 3-декабрга чейин, эки айга камакка алынган. 31-октябрь күнү Баш прокуратура соттук-психико-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу үчүн Жогорку Сотко өтүнүч жиберген. Бирок жактоочу Икрамидин Айткулов мындай экспертиза болгон эместигин билдиргенден кийин Баш прокуратура үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчүн кайрадан чакыртып алган.