Бүгүн, 7-ноябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1937-1938-жылдары саясий репрессияга туш болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп өттү.
Митинг-реквиемге Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, борбордогу райондук администрация жетекчилери, репрессия учурунда курман болгондордун туугандары катышышты. Иш-чаранын алкагында саясий репрессияга кабылгандардын туугандарына 30 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.