Эртең 9-ноябрда Кыргызстанга текстиль өнөр жайы боюнча кытай делегациясынын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-ноябрда Экономика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, делегацияны Кытайдын Федерациялык кийим жана текстиль ассоциациясынын вице-президенти Гао Июн жетектеп келет. Ошондой эле текстиль тармагы боюнча эки тараптуу жолугушуулар да болот. Делегациянын негизги максаттарынын бири - тармак боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо.