Бүгүн, 10-ноябрда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын
тоолуу райондорунда кар көчкү жүрүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана
198-265-чакырымдарында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун
45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Ала–Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун
60-100-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жогору жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Аталган аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы так сакталышы керектиги эскертилди."Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө,
материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү
даярдыгын жогорулатуу максатында 6-ноябрда өкмөттүн атайын буйругу чыккан",- деп билдирет министрлик.