Токтогул суу сактагычынын плотинасында түз байланыш режиминде иштеген байкоочу камера орнотулду. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, мындай камера суунун коротууларын чагылдырыш үчүн коюлду. "Жарандар муну түз байланышта аталган ишкананын сайтынан көрө алышат. Камера Токтогул суу сактагычынын плотинасынын үстүндө жайгашкан", - деп билдирди басма сөз кызматы.