Бүгүн, 10-ноябрда маалымат жыйынында Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары мурунку жергиликтүү имам, аялдар медресесинин башчысы
Махмуд Адылжан уулун гей деп айыптап, муну далилдөөчү сүрөттөрдү көрсөтүштү.
Тургундардын бири Алиаскар Кадыржановдун айтымында, тургундар 2011-жылдан бери бул имамдын кылык-жоруктарын тергеп келишкен. "Ал райондогу бир арабиялык фонддун башчысынын орун басары Нурбек Жумаев менен жыныстык мамиледе болгон. Алар Нурмат Талантов аттуу жетим өспүрүмдү да өз "оюндарына" тартышчу. Жергиликтүү эл буга каршы чыгып, аларды айылдан кууп кетирүүгө мажбур болушкан",- деди ал.
Кочкордун башка тургуну Мухтар Байсаков имамды жана анын "жакын досун" ур-токмокко албагандыгын баса белгиледи. "Эгер аларды токмоктосок, денелеринде издер калмак эле. Башында милицияда алар бизге эч кандай күнөө коюшкан эмес. Эми эки ай өткөндө "бизди коркутуп, гей экенибизди айтууга мажбур кылышты" деп бизди күнөөлөп жатышат. Сурак учурунда милиция, жергиликтүү бийилик өкүлдөрү болушкан. Алар биздин коркутпаганбызды далилдеп беришет",- деп түшүндүрдү Байсаков.
Мындан тышкары ал "Кочкордун тургундары имамга улуту үчүн каршы чыгып жатышат" деген кепти четке какты. "Кочкордо кыргыздар, орустар, дунгандар, уйгурлар, өзбектер ынтымакта жашашат. Эч кандай улутчулдук деген жок. Биздин негизги максатыбыз - кыргыз элибиздин келечеги гейлерсиз болсун. Эгер азыр мындайды токтотпосок, кийин кыргыз бала кыргыз балага үйлөнө башташы мүмкүн",- деп толуктады тургун.