Жалал-Абад. Мэрия тиешелүү тармактарга газ, электр энергиясын жана таза сууну үзбөй берүү боюнча милдеттенме берди

7-ноябрдан тарта Жалал-Абад шаарынын аймагындагы эл-чарба объектилеринде 2014-2015-жылдагы жылытуу мезгили башталды. Мэр Салайдин Авазов “Жалал-Абад газ”, “Жалал-Абад электр тармактары” жана “Жалал-Абад суу-канал” башкармалыктарын Жылуулук-камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин отканаларын, саламаттыкты сактоо, мектеп, бала бакча жана мекеме, уюмдарын алдын ала түзүлгөн келишим боюнча газ, электр энергиясы жана үзгүлтүксүз суу менен камсыздоо боюнча милдеттендирди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилей кетсек, учурда Жылуулук-камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси тарабынан шаар боюнча тейленүүгө алынган 15 от казандын 7 отказаны мазут менен 8 от казаны көмүр менен иштетилүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан