Ошто бүгүн, 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата жана 17-ноябрь - Студенттер күнүнө карата Ош улуттук драма театрында салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри, Шаардык жаштар иштери боюнча комитеттин өкүлдөрү жана бир катар жетекчилердин катышуусу күтүлүүдө. Анда коомдук-маданий иш-чараларга катышып, активдүүлүгүн көрсөтүп келе жаткан жаштарга мэрдин Ардак грамоталары, стипендиясы, Ош шаардык жаштар кеңешинин төрагасынын белектери тапшырылмакчы. Ошондой эле келген конокторго эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерттик программа тартууланат.