Таиландда мыйзамсыз түрдө иштеп жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Пхукет аралында мыйзамсыз түрдө туристтерге жол көрсөтүүчү болуп иштеп жүргөн кыргызстандык Дмитрий Пиндюрин аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 
Маалым болгондой, Д.Пиндюрин 2 чет элдик жаранга жол көрсөтүүчү болуп иштеп жүргөн учурунда кармалган. Текшерүү иштеринин натыйжасында анын ишмердүүлүк жүргүзгөнгө тиешелүү документтери жок экендиги аныкталган. Ошондой эле анын жанынан 2-3 туристтик ишканаларга таандык кагаздар, 900 доллар жана 13 миң таиланддык бат акча каражаты табылган. Белгилүү болгондой, Д.Пиндюрин ишин жабуу максатында полиция кызматкерлерине 1 миң евро (40 миң бат) суммадагы пара сунуштаган. Анын ортомчу аркылуу акча берип жаткан учуру жашыруун камерага түшүрүлүп калган. Учурда кыргызстандык жаранга карата "мыйзамсыз ишмердүүлүк" жана "пара берүү" беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 
Маалымат үчүн: Таиландда чет өлкөлүк жарандарга жол көрсөтүүчү болуп иштегенге уруксат берилбейт.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан