Коомдук бирикмелер бийликти аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөк пулун жогорулатууга чакырды

Жаштар парламенти, “Альтернативаларды өркүндөтүү” коомдук бирикмеси, “Балдар укугун коргоо лигасы” фонду Жогорку Кеңешти жана өкмөттү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөк пулун жогорулатууга чакырды.

“2015-жылдын 1-январынан тарта кепилденген минималдык кирешени 815 сомго чейин (2014-жылы 705 сом) жогорулатуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жөлөк пулун айына 650 сомго чейин (2014-жылы 500 сом) жогорулатуу керек. Буга бийлик “КРнын 2015-жылга республикалык бюджет долбоору жана 2016-2017-жылдарга болжолу” мыйзам долбоорун кароодо 2 миллиард 882,9 миллион сом караштырыш керек”,- деди “Балдар укугун коргоо лигасы” фондунун башчысы Назгүл Турдубекова.

Мындан тышкары ал өкмөттү интернаттардагы коррупциялык схемалар бар системди каржылоого жол бербөөгө да чакырды. “Республикалык жана жергиликтүү бюджеттик каржылоолорун жашоосу оор үй-бүлөлөргө жана балдарга жардам берүүчү уюмдарга багыттоо зарыл”,- деп толуктады Турдубекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан