КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчу тобу иш сапары менен Германияда жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын программасына ылайык, жумушчу топ өрт өчүрүү, суучул, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттерди көрүү боюнча германиялык куткаруучулар менен тажрыйба алмашат. Кыргыз делегациясы Германиянын Жарандык коргоо боюнча федералдык кызматына жана Кёльн, Бонн шаарларындагы өрт өчүрүү кызматына барат. Иш сапардын жүрүшүндө кыргыз тарапка суудан сактоочу техника менен жардам көрсөтүү маселесин талкуулоо пландалууда.