Жалал-Абад облусунун Кызыл-Туу айыл аймагында Эл аралык толеранттуулук үчүн фонду, БУУнун Качкындар боюнча агенттигинин фонду жана эл менен биргеликте сугат суу кеткен каналга айдоо аянттарына суу бөлүп берүүчү тосмолор курулду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, эми 5 чакырым жерден суу алынып келинип, 6 айылдын айдоо аянтын камсыз кылып турат. "Суу бөлүштүрүүчү тосмолор бузулуп калгандыктан, эл ар кандай нерселерди, таштарды, устундарды коюп сууну буруп пайдаланышкан. Жалпы 300 гектар айдоо аянты бар 6 айылга 6 суу бөлүштүрүүчү тосмо курулду",- деп билдирди Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жетекчиси Арстанбек Асанов.
Белгилей кетсек, каналды тазалоо, тосмолорду куруу иштерине жалпы 338 800 сом өлчөмүндө акча каражаты сарпталган.