Ош. 2-7 жашка чейинки курактагы 33 миң баланын 12 миңге жакыны гана бала бакчаларга барышат

Ош шаарында 2014-жылдын январь айынан бери №22-мектептин базасында 3 тайпалуу бала бакча иштеп жатат. Учурда мында 100гө жакын бала тарбияланууда. Шаардагы бала бакча тартыштыгын жеңилдетүү максатын көздөп, шарты туура келген мектептерге мектеп-бала бакча ачууну Ош шаардык мэриясы демилгелеп колго алган. Бүгүнкү күндө Ош шаарында 2-7 жашка чейинки курактагы балдардын саны 33 миңди түзөт. Алардын ичинен бала бакчага барып жаткандардын саны 12 миңге гана жакынын түзсө, калган 21 миңдей  балага бакча керек. Балдардын саны жылдан-жылга өсүүдө. Азыркы күндө Ош шаарында 33 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеп жатат, анын ичинен 29 бала бакча Шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу, үчөө ведомстволук, бирөө шаардык мэриянын карамагында. Мектепке чейинки билим берүү мекемелерде жалпысынан 885 кызматкер иштейт. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгы кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан