Ош. Бала бакчаларда жана мектептерде жугуштуу оорулар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

Күздөгү аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу сасык тумоо оорусунун өрчүп кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бала бакчаларда жана мектептерде бир нече иш-чараларды бекитти. Анда жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки мекемелерди медициналык кадрлар менен камсыздандыруу жана термометр, бактерияга каршы күрөшүүчү лампалар, залалсыздандыруучу каражаттарды колдонуу милдеттендирилет. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, балдар бакчаларында жана жатак-мектептерде балдардын күндөлүк дене табын текшерүүнү уюштуруп, эртең мененки кабыл алууда оорунун белгилери байкалган болсо, башкаларга кошпостон, атайын изолятордогу бөлмөдө кармоо сунушталат. Ал эми балдар менен иштеген кызматкерлерде оорунун белгилери катталса, тез арада иштен бошотуу зарыл. Эпидемия катталган учурда массалык маданий, спорттук иш-чаларды өткөрүү чектелет.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан