Ошто 12-ноябрда жол кырсыктарын азайтууга арналган флешмоб өтөт

Ош шаарында 12-ноябрда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында “Үлгүлүү айдоочу” аттуу флешмоб өтөт. Бул тууралуу 10-ноябрда Ош ШИИБинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чараны Ош шаардык жол-кайгуул кызматы “Бардыгындай эле” ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурууда.

“Акциянын катышуучулары Оштун борбордук көчөлөрүндө, автоунаалар жана жөө жүрүүчүлөр көп топтолгон жерлерде жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт”,- дейт уюмдун өкүлү Умида Эгембердиева.

Белгилүү болгондой, иш-чараны негизги максаты - жол кырсыктарынын кесепеттерине коомчулуктун көңүлүн буруу, айдоочулар менен жүргүнчүлөрдү жол эрежелерин сактоого чакыруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан