Эртең, 12-ноябрда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин айрым аймактарында таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда "Бишкек суу-канал" ишканасынан билдиришти.
Маалым болгондой, саат 9:00дөн 17:00гө чейинки убакыт аралыгында Калык Акиев, Күрөңкеев, Логвиненко, Чүй, Панфилов, Жибек Жолу, Абдрахманов, Абдумомунов көчөлөрүндө, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда, №3-шаардык гинекологиялык оорукана, Кыргыз драма театрында, Улуттук китепканада, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Улуттук статистикалык комитетте, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо, Билим берүү академиясында жана Биринчи Май райондук администрациясында, ошондой эле Т.Молдо көчөсүндө жайгашкан энергия бөлүштүрүү жана сатуу түйүнүндө таза суу берилбейт.