Ош ОИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Араван районунун жашоочуларынын Сирияга согушка кеткени аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1951-жылы туулган Дилорамхан Ахмедова 26 жаштагы кызын жана 4 жашар небересин алып, 2013-жылы Сирияга кеткен. Ошондой эле 1975-жылы туулган Икромжан Каримов жубайы жана 1 жаштагы уулу менен 2012-жылы Сирияга жөнөгөнү аныкталды. Бул факты боюнча учурда тергөө амалдары жүрүүдө.