Геология агенттиги: “Тоо-кен өндүрүүчү компаниялар менен жергиликтүү калктын ортосундагы тирешүү азайып калды”

“Тоо-кен өндүрүүчү компаниялар мене жергиликтүү калктын ортосундагы тирешүүлөр азайып калды”,- деди бүгүн, 11-ноябрда маалымат жыйынында Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев.

Анын айтымында, аталган тирешүүлөр убагында мамлекет түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзбөгөндүгүнөн улам чыгууда. “Мыйзамга ылайык, компаниялар жана калктын ортосундагы тирешүүлөр жергиликтүү бийлик тарабынан чечилиш керек. Мындай көрүнүшкө жергиликтүү калк күнөөлүү эмес. Айрым учурларда инвесторлордо да күнөө бар”,- деди Зилалиев.

Мындан тышкары ал тирешүүлөр учурунда мыйзам бузууга барган адамдарды катуу жоопкерчиликке тартуу керек экендигин баса белгиледи. “Бүгүнкү күнү тоо-кен өндүрүүчү компаниялар чалгындоо жана изилдөөлөрдү гана жүргүзүп жатышат. Адамдын ден соолугуна зыян келтирген фактылар катталган жок”,- деп кошумчалады ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан