Бишкектеги жаңы конуштардын биринде мыйзамсыз курулган дубал үй ээсинин өз ыктыяры менен бузулду

Бишкектеги Ак-Бата конушунда мыйзамсыз курулган дубал Жеке турак жай департаменти тарабынан алынып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган конуштун тургуну Ормокеева Зыйнаттын жер тилкесин муниципалдык жердин эсебинен кеңейтип алганы аныкталган. Натыйжада Жеке турак жай департаменти тарабынан үй ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өз ыктыяры менен мыйзамсыз курулган дубалды алып салууга жана жер тилкесин баштапкы абалына келтирүүгө милдеттенме берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Compact
2014-11-11 12:32:58
Мыйзамды сыйлагандар кобойо берсин. Мыйзам баарына бирдей иштесин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан