Кыргызстанда Геология жана минералдык ресурстар агенттиги тарабынан берилген 1268 лицензиянын көбү көмүр, кум, шагыл, топурак жана башка металл эмес кендерди өндүрүүгө багытталган. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.
Анын айтымында, алтын кендерди өндүрүүгө 176 лицензия (14 пайыз), көмүр өндүрүүгө 224 лицензия, мунай жана газ өндүрүүгө 56 лицензия (4 гана пайыз), башка металлдарга 74 лицензия жана жер алдындагы сууларды өндүрүүгө 216 лицензия берилген.