2014-жылдын 9 айына карата чыгарылган көрсөткүч боюнча, жалпысынан 38 277 кыз-жигит никеге турган. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, никеге тургандардын саны боюнча Ош облусу биринчи орунда турат (9327 нике катталган). Жалал-Абад облусунда 7559 никеге туруу катталса, Ош шаарында 1634 түгөй никеге турган.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылдын 9 айында өлкө аймагында никеге тургандардын саны 37 612ни түзгөн.