Кыргызстанда 1974-жылкы жана 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду алмаштыруу иштери кызуу жүрүүдө

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында КРнын жарандарына 380 154 паспорт берилген. Анын 234 715и ички (ID-карта) паспорт болсо, 145 439 тышкы паспорт берилген. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын алгачкы 9 айында 16 жаш курагына жетип, паспортко ээ болгондордун саны 26 049ду түзгөн. Жалпысынан жыл башындагы көрсөткүчтө 11 139 жаран 1974-жылкы үлгүдөгү паспорт менен жүргөнү аныкталса, үстүбүздөгү жылдын 9 айында алардын ичинен ички паспортту алгандардын саны 4232ни түздү. Ошондой эле 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт ээлеринин жыл башындагы саны 183 290 болсо, анын 87 826сы 9 ай ичинде ички паспорт алышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан