MegaCom компаниясы тарабынан өткөрүлгөн Илим жана технология фестивалына 20 миңдей адам катышты

Өткөн аптанын соңунда Бишкек шаарында Кыргызстанда биринчи жолу илим жана технология боюнча "Tech and Science Fest" аталышындагы фестиваль болуп өттү. Эки күн бою таанып-билүүчүлүккө кызыккандарга жагымдуу маанай тартууланды. Фестивалдын жүрүшүндө бекер маалымат берүүчү шоу коштогон STEM (Science, Technology, Engineering, Math) оюндары ойнотулуп, аны менен катар ойлоп табуучулардын, үн толкундары менен башкарылган роботтордун, жарыш автоунааларынын көргөзмөсү болду. Белгилей кетсек, акысыз уюштурулган фестиваль бишкектиктерге жана анын коноктору үчүн дем алыш күндөрүн кызыктуу өткөрүүгө шарт түздү. Фестивалдын башкы демөөрчүсү MegaCom уюлдук оператору болду.

Ошондой эле иш-чарада кадрдык анимациялоо тууралуу мастер-класс дарстары окулду. Чоңдор жана кичинекейлер үчүн өткөүлгөн “Баарын билгим келет” аттуу илимий-химиялык шоу көңүл чордонунда болду. Конокко келген кичинекей достор демин ичине катып, шыркырап түтөгөн ыкманы кылдат карап турушту жана "акылдуу" пластилинди өз колдору менен жасоону үйрөнүштү.

Фестивалга жалпысынан 20 миңдей адам катышты. Көргөзмөлөрдө 50дөн ашуун ойлоп табылган долбоорлор коюлуп, алардын арасынан алдынкы орунду ата мекендик экспонаттар ээледи. Сунушталган иштерди ар кайсы жогорку окуу жайынан келишкен топтор, программисттер жана ойлоп табуучулар баалашты.

Уюштуруучулар фестивалдын катышуучуларына толгон сюрприз белектерин даярдашкан. Алардын бири BRAIN STREAM форматындагы тез тапкычтыкты талап кылган мегагонка жарышы болуп эсептелинет. Буга катышууга бардык каалоочулар тартылды, бир гана MegaCom`дун абоненти болуу талабы менен жеңишке аракет кылууга чакырды. Оюнчулар атайын берилген тапшырмада катылган чекиттерди таап, жоопторду SMS түрүндө жазышты. Эң аз ката кетирип туура жоопторду көп жиберген тайпалар жеңишке ээ болушту. Жыйынтыгында иш-чаранын башкы демөөрчүсү MegaCom компаниясынан фирмалык кол чатыр, сумка сыяктуу көптөгөн күтүүсүз жагымдуу белектерди алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан