Бишкектин вице-мэри Айгүл Рыскулова 10-ноябрда борбор калаадагы оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан социалдык-маданий имараттардын абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
А.Токомбаев атындагы музейди оңдоого 1 миллион 145 миң сом бөлүнгөн. Азыркы тапта оңдоо иштерине 900 миң сом сарпталганы белгилүү болду.
С.Чуйков атындагы мемориалдык үй-музейин оңдоого 500 миң сом бөлүнүп, имараттын чатыры, айланасы оңдолгон. Вице-мэр Саламаттыкты сактоо департаментинде болуп, мекемедеги маселелер менен таанышты. Ошондой эле "Тез жардам" станциясынын унааларын оңдоого мэрия 3,5 миллион өлчөмүндө каражат бөлүү каралып жатканын айтты.