Ош улуттук драма театрында 10-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө жана 17-ноябрь - Студенттер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин депутаты Гүлсана Эсенбаева, вице-мэрлер жана шаардын активдүү жаштары катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, анда мэр жаштарды майрамы менен куттуктап, Ош шаарынын жалпы жаштарынын келечеги кең экенин белгиледи. Андан соң майрамдык салтанаттын алкагында Ош шаарында окуп, иштеп, коомдук маданий иш-чараларга активдүү катышып келе жаткан жаштарга мэрдин Ардак грамоталары, стипендиясы тапшырылды. Ошондой эле Ош шаарынын атынан ар кандай эл аралык жана республикалык спорттук, маданий иш-чараларга катышкан жаштарга Ардак грамота ыйгарылды. Андан соң жалпы келген конокторго концерттик программа тартууланды.