Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ак-Булуң айылындагы "Мээрим булагы" балдар үйүнүн базасында жана Ак-Булак айылындагы "Байэл" балдар бакчасында күнөсканалардын ачылышы болду. Бул тууралуу "Карагат+" программасынын басма сөз катчысы Ариана Чолпонкадырова билдирди.
Ысык-Көл облусунун экономикасын комплекстүү өнүктүрүү максатында жүргүзүлгөн программанын алкагында ишке ашкан долбоордун координатору Жаныбек Пакыров: "Балдар бакчасындагы инновациялык күнөсканалардын жардамы менен жыл бою балдарды жаңы жана экологиялык таза жашылчалар менен камсыз кылуу гана эмес, каржылоонун кошумча булагы пайда болмокчу. Күнөсканаларды куруудан мурда биз бул мекемелердин окутуучуларын жана тарбиячыларын аталган чарбанын көндүмдөрүнө окуттук. Болочокто күнөсканада өстүрүлгөн экологиялык таза жашылчалар бул мекемелердеги балдар тамак-ашын ар түрдүү кылууга жана витаминдердин тартыштыгы көйгөйүн чечүүгө жардам бермекчи",- дейт.