2010-жылкы Ош окуясында курман болгондордун үй-бүлөсүнө мэрия тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү

2010-жылкы Ош окуясында курман болгондордун үй-бүлөсүнө мэрия тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кыргыз милициясынын 90 жылдык мааракесине карата КРнын ички иштер кызматында эмгектенип жатып каргашалуу Июнь окуясында курман болгондордун үй-бүлөлөрүн кабыл алды. Алар менен жылуу маанайдагы баарлашуунун соңунда мэр Ош шаарындагы коомдук коопсуздукту, укук-тартипти сактоодо көрсөткөн күжүрмөн эмгегин эске алып, Июнь окуясында курман болгон Айдаров Бегалынын, Байкишиев Бакыттын, Темирбаев Мирландын жана Пусуров Абдрасулдун үй-бүлөлөрүнө 10 миң сомдон акчалай колдоо көрсөттү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maksymtegin
2014-11-11 17:25:42
Пусуров Абдурасул 2013 жыл авария болуп курман болдуго ош окуясында эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан