Паспортторду тапшыруу аземинде аталган аймактагы калкты каттоочу 28 көп функционалдуу мобилдик топтордун активдүү мүчөлөрүнө Ардак грамоталар тапшырылды. Белгилүү болгондой, аталган топтор ар бир айыл өкмөттө, алыскы райондордо иштешет. Алар жергиликтүү калкка бекер юридикалык кеңештерди, жарандыгын аныктоо үчүн документтерин берүүгө көмөк көрсөтүшөт.
Маалым болгондой, бир жыл ичинде Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында, ошондой эле Чүй облусунун үч пилоттук райондорунда иштер жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө аталган топтордун тизмесине жарандыгы жана документи жок 5,5 миңдей адам катталган. Алардын дээрлик бөлүгү ушул жылдын аягына чейин жаңы паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк алмакчы.
Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын коргоо жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы Турсунай Айтматова, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин директору Дүйшөн Сатыбалдиев, БУУнун Жогорку комиссар башкармалыгынын башчысы Йоханн Сиффоант, Ош жана Жалал-Абад облустарынын паспорт-виза бөлүмүнүн башчылары катышты.