Жалал-Абаддагы жарандыгы жок 1500 этникалык кыргызга Кыргызстандын паспорту тапшырылды

Бүгүн, 11-ноябрда Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында БУУнун Качкындардын иши боюнча Жогорку комиссарынын жетекчиси Йоханн Сиффоант жана Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты каттоо департаменти облустагы мурда документи жок адамдарга Кыргызстандын паспортун ташырышты. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарандыгы жоктордун көпчүлүгү этникалык кыргыздар жана СССРдин паспорту менен жүргөн адамдар. Алар бүгүнкү күндө толук кандуу мамлекеттин атуулу болушту.

"Жарандыгы жок 5000ден ашык адам бар деп эсептегенбиз. Алардын көпчүлүгү башка өлкөнүн жарандыгында, Кыргызстандын паспортун ала албай жүргөндөр, этникалык кыргыздар. Бүгүнкү күндө документи жок жүргөн 1500 адамдын жарандыгы каралып, паспорт алынды. Ал эми калгандары 5 айдын ичинде алышат",- деп билдирди Жалал-Абад облустук паспорт-виза бөлүмүнүн башчысы Махабат Пратова.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан