Оштун Ноокат жана Өзгөн райондорунда Жаштар күнүнө карата майрамдык иш-чаралар болуп өттү

10-ноябрда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Өзгөн районундагы бөлүмү, райондук билим берүү мекемелери жана Жаштар кеңеши биргеликте Жаштар күнүн белгилешти. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары маалымдашты. 

Майрамдык саамалыкка Өзгөн технологиялык билим берүү институтунун, медициналык колледждин студенттери, жалпы 350 адам катышты. Анда студенттер арасында шайыр тапкычтар сынагы орун алып, патриоттук ырлар аткарылды. Ошондой эле мыкты бийчилер аныкталды. Соңунда активдүү катышкандарга Ардак грамоталар тапшырылды. Ал эми Ноокат районунда "Жаштар - биздин келечегибиз" аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Анда элет жаштарынын коомдук-саясий иштерге катышуусун активдештирүү маселеси каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан