11-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 244 миллион метр кубду түздү

11-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 244 миллион метр кубду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 27,5 пайызга азайды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Суу сактагычка быйыл секундуна 211 метр куб суу агып кирсе, 2013-жылкы ушул маалдагы көрсөткүч 196 метр кубду түзгөн. Ал эми суу сактагычта сарпталган суунун агымы секундуна 593 метр кубду түзсө, былтыр ал көрсөткүч 549 метр куб болгон. 

Эске салсак, өткөн жылы 11-ноябрда суу сактагычтагы суунун көлөмү 15 миллиард 492 миллион метр кубду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан