Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жер-жерлерде Сириядагы согуш тууралуу так маалыматтарды берүүдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жер-жерлерде жарандарды үчүнчү өлкөлөрдөгү куралдуу кагылыштарга катышуунун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандан Сирияга кеткендердин саны 150 адамды түзүүдө. Алардын арасында аялдар да бар, ошондой эле айрымдары үй-бүлөсүн толугу менен алып кеткендиги тууралуу да айтылууда.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында тегерек столдор уюштурулууда. Мындай багыттагы иш-чаралар 4-5-ноябрь күндөрү Нарын облусунун Жумгал, Кочкор райондорунан башталды. Анда жергиликтүү калкка Сириядагы согуш тууралуу так маалыматтар берилип, жашы жете элек балдарды чет өлкөлөргө диний окууга жиберүү маселеси талкууланды. Иш-чаранын негизги максаты - жаштарды эл аралык диний-экстремисттик уюмдарга азгырылып кетүүсүнүн алдын алуу. 

Иш-чараларга жергиликтүү бийликтин жана күч кызматтарынын өкүлдөрү, дин ишмерлери, мугалимдер, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана жаштар катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан