Бишкекте эртең, 13-ноябрда КРнын Улуттук илимдер академиясынын алдында ар кайсы жылдар аралыктарында жетекчи болуп турган академиктер Константин Скрябиндин, Иса Ахунбаевдин, Курман-Гали Каракеевдин, Муса Адышевдин айкелдерин ачуу аземи өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда академиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында КМШ өлкөлөрүнүн Фундаменталдык илимий изилдөөлөр тармагындагы кызматташуу боюнча кеңешинин 3-жыйыны өтөт. Ага КРнын УИАнын президенти, академик А.Эркебаев, Орусиянын Илимдер академиясынын президиумунун мүчөсү Н.Лавёров, С.Умиров атындагы Физика-техникалык институттун директору, Тажикстандын Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Х.Муминов жана бир катар эл аралык өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө.