Кыргыз Республикасында Бириккен Улуттар Уюмунун "Өнүктүрүү" программасынын "Демократиялык башкаруу" долбоорун ишке ашырууга 17,6 миллион АКШ доллары каралган. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда аталган программа уюштурган
тегерек столдун жүрүшүндө айтылды.
Маалым болгондой, сот акыйкаты, адам укуктарын коргоо жана укук үстөмдүгүн өркүндөтүүгө 6,8 миллион доллар, мамлекеттик администрация тармагын реформалоого 7 миллион доллар, коррупцияга каршы иш-аракет жасоо жана анын алдын алууга 1 миллион доллар жана шайлоо реформасын колдоого 3,8 миллион доллар каралган. "Биз бул багыттарда КРнын парламенти, өкмөт аппараты, президент аппараты жана бейөкмөт уюмдар менен тыгыз мамиледе иштешебиз",- деди аталган долбоордун жетекчиси.