Каракол. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин шаардык бөлүмүнө бир аптада 41 жумушсуз адам кайрылган

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Каракол шаарындагы бөлүмүнө бир жума аралыгында 41 жаран кайрылган. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, кайрылгандардын баарына жумуш табуу, кесип тандоо, кесипке окутуу боюнча кеп- кеңештер берилген. Ошондой эле өткөн бир жумада шаар боюнча 2 жаран жумушсуз деп катталып, 3 адам жумушка орноштурулган. Ал эми 6 адамга аныктама жазылып берилген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан