Ошто “Алтын күз - түшүм майрамы” жарманкеси болот

15-ноябрда С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрынын алдында Ош шаардык мэриясы КРнын Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте “Алтын күз - түшүм майрамы” аталыштагы жарманкесин өткөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, анда облустун жана шаардын бардык аймактарынан түрдүү айыл чарба продукциялары алынып келинип, арзан баада сатылмакчы. Мындан сырткары жергиликтүү дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн, 15тен ашуун Ош шаарындагы азык-түлүк өндүрүүчү ишканалардын продукциялары жарманкеге коюлмакчы. Иш-чаранын алкагында, Ош шаарынын мэриясынын келишимдерине ылайык, Кытайдан, Өзбекстандан, Тажикстандан келген ишкерлер менен өз ара кызматташуу келишимдери түзүлүп, инвестиция тартуу, азык-түлүк айыл чарба продукцияларын биргеликте өндүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүшү күтүлөт.

Кошумчалай кетсек, “Алтын күз - түшүм майрамына” Ош шаарынын тургундары жана коноктору келип, экологиялык жактан таза, сапаттуу айыл чарба продукцияларын арзан баада сатып ала алышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан