2014-2015-окуу жылы үчүн окуучулар арасында экстремисттик жана деструктивдүү диний уюмдардан сактануу жана алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Ош шаарындагы мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелеринде 11-ноябрдан 22-ноябрга чейин экстремизмге жана мыйзамсыз диний агымдардын ишине каршы күрөшүү жана мамлекетибиздин жарандарынын, өспүрүм балдардын салттык дин боюнча маалыматтык деңгээлин көтөрүү аракеттери көрүлөт. Бул маселе боюнча биргелешкен түшүндүрүү иштери 11-ноябрда №1-Федченко орто мектебинде болуп өттү. Ушул эле иш-чара бүгүн Карл Маркс атындагы №2-орто мектепте өтүүдө. Ага КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин түштүк аймагы боюнча кызматкери К.Абдураимов, ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары А.Калбердиев, Ички иштер башкармалыгынын кызматкери, милициянын майору А.Ташболотов, Шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси К.Камчиев жана аймактык кеңештин өкүлдөрү, аймактык ата-энелер комитетинен да катышты.