Кыргызстандын борборунда биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандардын саны 20-октябрдан 11-ноябрга чейин 28 675 адамды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, аймактарда 2 күн аралыгында биометрикалык маалыматын 2 миң адам тапшырган.
12-ноябрдан тарта биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункту Кыргыз-Орус Славян университетинде, КРнын ТИМинде да иштей баштайт. Ал эми 13-ноябрдан баштап биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункту КРнын Коргоо министрлигинде да ачылмакчы.
Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматтарды топтоо иштери шаар ичиндеги бир катар ЖОЖдордо жүрүүдө. Ошондой эле Биринчи Май районунда 9, Свердлов районунда 10, Ленин районунда 12 жана Октябрь районунда 13 биометрикалык маалыматтарды чогултуучу жай иш алып барууда.