Кыргызстандык жаштарга ийгиликке жетүүнүн жолдорун үйрөтүүчү окуу программасына Билим берүү жана илим министрлигинин, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, тренерлер жана өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген 400дөн ашуун жаштар катышат. Программа АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги тарабынан каржыланган Эл аралык жаштар фондунун «Jasa.kg» долбоорунун маанилүү бөлүмү болуп саналат.
2012-2014-жылдардын аралыгында «Бала чак институту» Кыргыз Республикасындагы 26 балдар үйүнөн 1334 тарбиялануучуну жогорудагы программа аркылуу окутту. Жашоого зарыл каражаттарга жана жарандык катышууга басым жасаган бүтүрүүчүлөр коомчулуктарды өнүктүрүүнү колдогон 63 социалдык долбоорду ишке ашырышты.