Кыргыз-казак чек арасында жарым жылдан бери кармалып турган күйүүчү май жүктөлгөн вагондор Кыргызстанга жөнөтүлө баштады

Кыргыз-казак чек арасында ушул жылдын апрель айынан бери кармалып турган күйүүчү май жүктөлгөн 470 вагон Кыргызстанга жөнөтүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Казакстандан 41 вагон келген. "Жакынкы арада калган вагондорду алып келүү маселеси толугу менен чечилмекчи. Ал эми учурда республиканын бардык аймактарын күйүүчү май менен камсыздоого керектүү көлөм бар",- деп билдиришти аталган мекемеден.

Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде Орусиядан Кыргызстанга жөнөп жаткан күйүүчү май жүктөлгөн 470 вагон Луговая станциясында кармалган. 7-ноябрда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга болгон иш сапарында бул вагондорду бошотуу боюнча келишим түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Manasasman
2014-11-12 13:12:15
Казактар ушул вагондор бошотулса бензин арзандайт деп айтып журушту эле. Албетте бул шылтоо болчу эми дагы кымбат сатып жыргап калышат тура.
+3
Dadin1
2014-11-12 13:54:27
Бул вагондордун Казакстанда кармалуусу жасалма болгону ачык айкын эле корунуп калды окшойт.Бийликтегилер куйуучу майдын баасы алда канча которулоорун 6-7 ай мурун эле билишкен ошондуктан атайын эле арзан алып кымбат сатуу тактикасын колдонуп койушту.Бул да болсо бир аткаминердин бизнесида.
+2
RNA78
2014-11-12 14:15:01
Ар бир литр бензинден 10 сомдон калса, бир вагон 60 тн болсо 600 000 сом калат экен да, эми 470 вагон болсо 282 000 000 сом болуп кетет экен. Эгер чындап эле арзан алып, кымбаттаганда сатабыз десе, элдин убалы уктатпайт...
+3
al-abu-kinesz
2014-11-12 20:05:43
Кун ысык, жарылып кетиши мумкун деп шылтоолоп атышты беле адашпасам? Казактар ошентип атышкан откорбой
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан