Өлкө аймагында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча 116 пункт иштөөдө, дагы 486 пункт ачылат

Өлкө аймагында биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттары Ош шаарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын,Талас жана Чүй облустарында да иш алып барууда. Учурда облустарда биометрикалык маалыматты чогултуучу 116 пункт иштеп жатат, дагы 486 пункт ачылмакчы. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аймактардагы биометрикалык маалыматтарды топтоо пункттары жергиликтүү айыл өкмөттөрүндө жайгаштырылган.  

Бүгүнкү күндө аймактарда иштеп жаткан биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттарынын саны боюнча маалымат:

Нарын облусунда 7 пункт ачылган, дагы 68 пункт ачылат. 

Талас облусунда 32 пункт иш алып барууда, дагы 18 пункт ачылат.

Ысык-Көл облусунда 3 пункт иштеп жатат, дагы 72 пункт ачылмакчы.

Жалал-Абад облусунда 7 пункт иштөөдө,  дагы 99 пункт ачылмакчы.

Ош шаарында 7 пункт иш жүргүзүүдө, дагы 12си ачылат.

Ош облусунда 20 пункт иштеп жатат, дагы 80 пункт ачылмакчы.

Баткен облусунда 10 пункт иштейт, дагы 42си ачылат.

Чүй облусунда 30 пункт ишке кирген, дагы 95 пункт ачылмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан