Ошто бала бакчаларда балдардын өсүүсүндөгү бузулууларды убагында табуу үчүн профилактикалык кароолор жүрүүдө

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын алдында түзүлгөн медико-психологиялык топ балдардын өсүүсүндөгү бузулууларды убагында табуу үчүн профилактикалык кароолорду жүргүзүүдө. Текшерүүдө акыл-эси жактан кемчилиги бар, көрүүсү начар, азиз жана кекеч балдарды невропатолог, дефектолог, окулист жана психиатрлар кароодон өткөрүп, аларды бала бакчаларга жана мектептерге жайгаштырууну ишке ашырышат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, профилактикалык текшерүү 12-ноябрда Крупская атындагы №12-көмөкчү мектепте башталып, 13-ноябрда көрүүсү начар балдар үчүн ачылган №25-"Ак тайлак" бала бакчасында,14-ноябрь күнү №36-"Балакай" (кекеч балдар үчүн) бала бакчасында жана 15-ноябрда көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын жатак-мектебинде жыйынтыкталат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан