Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда 31-октябрь күнү 25 жаштагы моюну кесилген жаранга оор операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын жетекчиси Илим Бейшеналиев билдирди.
Белгилүү болгондой, 31-октябрь күнү саат 17:40 чамасында аймактык оорукананын хирургия бөлүмүнө оор абалдагы, моюну кесилген жаран келип түшкөн.
“Ооруканабызга түшкөн бейтаптын эс-учу жок, белгисиз кырсыктан улам моюнундагы майда кан тамырлар жана кокосу кесилип калган экен. Ага 3,5 сааттык оор операция жасалды. Негиздүү кан тамырларга доо кеткен эмес, ошол себептен улам аны аман алып калдык. Мындай оор операциялар атайын ооруканаларда гана жасалат. Бирок бейтаптын өмүрүн сактап калыш үчүн колубуздан келгенин кылдык”,- дейт И.Бейшеналиев.
Анын айтымында, учурда бейтаптын абалы жакшы, операциядан кийин ал 4 күндөй жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Андан кийин ал кадимкидей эле сүйлөп, тамак-аш ичип калган. Ал эми 11-ноябрда бейтап үйүнө чыгарылган.