Китептердин электрондук версияларын акысыз таратууда автордук укук маселеси тоскоолдук жаратып жаткандыгы айтылды

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкекте Кыргызстандагы алгачкы электрондук китептин бет ачарында вице-премьер-министр Эльвира Сариева: "Бул китептерди акысыз таратууда автордук укук маселеси тоскоолдук жаратып жатат",- деди.
Анын айтымында, учурда Билим берүү министрлигинде автордук укук боюнча иш жүргүзүп, бул маселе чечилип жатат. "Бишкектеги мектептердин жогорку класстарынын окуучулары электрондук китептерди колдонуучу планшеттерге ээ экени белгилүү болгон. Ошондуктан алгачкы электрондук китеп 7-класстын окуучулары үчүн кыргыз тили боюнча китеп болду. Мындан кийин 1-4-класстарга электрондук китептерди чыгаруу пландалууда",- дейт ал.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан