Кыргыз улуттук университетинин ректору соттук териштирүүлөргө байланыштуу бекитиле элек

Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору соттук териштирүүлөргө байланыштуу бекитиле элек. Бул тууралуу маалымат бүгүн, 12-ноябрда Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылды. 

Маалым болгондой, ректорлукка талапкерлигин койгон Айылчы Сарыбаев 18-октябрда өткөн шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып, сотко кайрылган. Ал жашы өтүп кеткендигине байланыштуу ректорлукка талапкерлер тизмесинен чыгарылган. Ошондой эле сотко арыз менен ректорлукка койгон дагы бир талапкер Н.Асанбеков кайрылган. Анын айтымында, шайлоо учурунда добуш берүү мыйзам бузуулар менен коштолгон. 

Эске салсак, Улуттук университеттин ректорун шайлоо 18-октябрь күнү өтүп, ага 15 талапкер катышкан. Жыйынтыгында 214 добуш менен Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев жеңгени  жарыяланган.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан