Кыргызстанда кыргыз тили боюнча алгачкы электрондук китеп чыгарылды

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкекте Кыргызстандагы кыргыз тили боюнча чыгарылган алгачкы электрондук китептин бет ачары өттү. Иш-чарада вице-премьер-министр Эльвира Сариева, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, аталган китепти чыгарууну каржылаган "Сорос-Кыргызстан" фондунун директору Шамил Ибрагимов катышты.
К.Садыковдун айтымында, ал жетектеген министрлик үчүн бул керектүү жана маанилүү нерсе. "Бул китептер жаңы, заманбап, ыңгайлуу стандарттар менен чыгарылган. Электрондук китептерди 100 мектепке киргизүүгө ниеттенип жатабыз",- деди министр.
"Бүгүнкү күнү электрондук китептер - кагаз китептердин кайталоо версиясы гана эмес. Буларда окутуучу аудио жана видеоматериалдар бар. Окуучулар үчүн бул китептер билим алуу процессин бир топ жеңилдетет",- деди Ибрагимов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан