Ирандыктар Кыргызстандан 100 миллион долларлык айыл чарба продуктусун экспорттоого даяр экенин айтышты

КРнын Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев бүгүн, 12-ноябрда Кыргызстандагы Ирандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана Мезадан провинциясынын губернатору Рабии Фаллах Желодар баш болгон Иран делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жыл сайын Иран товарларынын жарманкеси өтүп келгенин жана иран-кыргыз кызматташтыгына 24 жыл болгонун белгилеген министр төө буурчак боюнча сунушун айтты. Иран мамлекетинин төө буурчакка болгон кызыгуусун эске алып, Кыргызстан экспорттоого даяр экенин кошумчалады.

Өз кезегинде Рабии Фаллах Желодар министрге ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташууга багытталган 15 долбоордун атын атады. Негизинен күнөскана чарбасы, канаттууларды алып келүү, балык чарбасы жана кампалардын курулушу талкууланды. "Алгач 100 миллион долларды айыл чарба продуктуларын экспорттоого инвестициялайлы. Кийин суроо-талапка жараша башка тармактарга да инвестиция тартууну карайбыз",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
myrza80
2014-11-12 17:21:41
Жакшы кабар экен,бирок биздин чиновниктер тамагын тыйып сукулдабай ушундай долбоорлорду кобуроок ишке ашырса жакшы.Чиновниктердин мээсинде 3 эле тамыры иштейт,алсам,жесем уурдасам деген.
+1
Beka90
2014-11-12 19:23:26
Анданда Ирандан бензин алып келишсе жажакшы болмок. Бизде бензин арзандайт болчу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан